2025-жылы Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода көлөмү азайды
Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылы кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Назира Керималиева маалымат жыйынында билдирди.
Айтымында, ушул жылдын январь-сентябрь айларында өлкөнүн тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 10 миллиард долларды түздү жана бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,6 пайызга аз.
Ал белгилегендей, тышкы жана өз ара сооданын көлөмүнүн азайышынын себептери – экспорттук жеткирүүлөрдүн 23,7 пайызга, ал эми импорттук кирүүлөрдүн 5,2 пайызга азайыны.
“Аны менен катар жалпы товар жүгүртүү түзүмүндө экспорттун үлүшү – 17,6 пайыз, импорттуку – 82,4 пайыз.
ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон өз ара соода январь-август айларында 3,3 миллиард долларды түзгөн жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3 пайызга кыскарган.
Анын ичинде экспорттук жеткирүүлөр 35,7 пайызга азайты, импорттук кирүүлөр тескерисинче, 10,8 пайызга жогорулады”, – деди ал.
Айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен өз ара сооданын көп эмес үлүшү Россияга с 66,7 пайыз менен туура келген. Ал эми Казакстан – 32,1 пайыз.
