Энергиянын кайра жаралуучу булактары секторуна байланышкан мыйзам долбоору каралды
19 февраль

Энергиянын кайра жаралуучу булактары секторуна байланышкан мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 19-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов белгилегендей, мыйзам долбоорунун негизги максаты энергиянын кайра жаралуучу булактары секторуна инвестиция тартуу үчүн жагымдуу укуктук шарттарды түзүү жана өнүктүрүү. Негизги милдети бул объекттер үчүн орнотулган кубаттуулуктун чегин 30дан 50 МВтка чейин жогорулатуу.

Талкуу маалында депутаттар өлкөнүн бай гидроэнергетикалык потенциалын пайдалануу, генерациялоочу кубаттуулуктарды көбөйтүү маселелерин көтөрүштү. Ошону менен бирге эл өкүлдөрү электр энергиясынын тартыштыгын жоюу үчүн чакан ГЭСтердин жана кайра жаралуучу энергия булактарынын мүмкүнчүлүктөрүн активдүү колдонууга чакырышты.