Кыргызстан Венгрияга эт экспорттоого кызыкдар экенин билдирди
23 май

Кыргызстан Венгрияга эт экспорттоого кызыкдар экенин билдирди

Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (WOAH) Делегаттарынын Ассамблеясынын 93-Башкы сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев Венгриянын Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк чынжырын көзөмөлдөө департаментинин жетекчиси Саболч Пастор менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Адилет Сотовалдиев Кыргыз Республикасынын Венгрияга эт продукциясын экспорттоого, ошондой эле Венгриядан Кыргызстанга асыл тукум мал импорттоого кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандын бизнес коомчулугу жогоруда аталган продукцияларды жана тирүү асыл тукум малдарды жеткирүүгө чоң кызыгуу көрсөтүп жатканы баса белгиленди.

Өз кезегинде Саболч Пастор Европа Биримдигине эт продукциясын экспорттоо үчүн алгач Европа Биримдигинин тиешелүү реестрине катталуу зарыл экенин айтты. Ошол эле учурда ал Кыргызстан мал чарба продукцияларын, айрыкча табигый балды, Европа Биримдигинин реестрине каттатуу боюнча оң тажрыйбага ээ экенин белгилеп, бул ата мекендик продукциянын экспортун мындан ары илгерилетүүгө жакшы өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Мындан тышкары, венгр тарап кыргыз продукциясын Европа Биримдигинин рыногуна чыгаруу маселелеринде ар тараптуу консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле Саболч Пастор азыркы учурда Венгриядан Кыргыз Республикасына асыл тукум мал экспорттоого эч кандай чектөөлөр жок экенин белгилеп, ветеринария жана мал чарбачылыгы тармагында эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө толук колдоо көрсөтөрүн ырастады.