Кыргызстанда электромобилдерди бажы алымсыз алып кирүүгө квота 25 миң даанага чейин көбөйтүлдү
Сүрөт ачык булактардан алынды
12 август

Кыргызстанда электромобилдерди бажы алымсыз алып кирүүгө квота 25 миң даанага чейин көбөйтүлдү

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов пресс-конференцияда Кыргызстанга электромобилдерди бажы алымсыз алып кирүүгө берилген квота 25 миң даанага чейин көбөйтүлгөнүн билдирди.

Кыргыз Республикасы электр кыймылдаткычы менен жүрүүчү кошумча 10 миң транспорт каражатын бажы алымын төлөбөстөн алып кирүүгө мүмкүнчүлүк алды. Тиешелүү чечим Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тарабынан кабыл алынды.

Буга чейин Кыргызстан үчүн 2026-жылга электромобилдерди бажы алымсыз алып кирүүгө 15 миң даана өлчөмүндө квота белгиленген. Кабыл алынган чечимге ылайык, квотанын жалпы көлөмү 25 миң даанага чейин көбөйтүлдү. Чечим 2026-жылдын 17-августунан тартып күчүнө кирет.

Кошумча квота экологиялык жактан таза транспорт каражаттарын жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, электромобилдерди импорттоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана ички рыноктун керектөөлөрүн камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле өлкөнүн автопаркын жаңылоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, жарандар жана бизнес үчүн электромобилдердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана электр транспортунун рыногун мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Тарифтик жеңилдик белгиленген шарттар сакталган учурда Кыргыз Республикасында ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылган электромобилдерге карата берилет.

Мында мындай транспорт каражаттарына ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укуктарын Россия Федерациясынын же Казакстан Республикасынын жарандыгына ээ болгон же бул мамлекеттерде туруктуу жашаган адамдарга, ошондой эле аталган мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жактарга жана уюмдарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт.

Бул чечим Кыргыз Республикасы үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени экологиялык жактан таза транспортту пайдаланууну кеңейтүү Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын артыкчылыктарына жана өлкөнүн жашыл экономикага өтүү багытына шайкеш келет.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тышкы соода үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ички рыноктун керектөөлөрүн камсыз кылуу жана экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүү боюнча иштерди улантат.