Стамбулда ТМУга мүчө-мамлекеттердин энергетика министрлеринин V жыйыны болуп өттү
2025-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Стамбул шаарына иш сапары менен барып, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттеринин энергетика министрлеринин 5-жыйынына катышты.
Жыйынга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин министрлери жана жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү катышып, энергетика тармагындагы учурдагы окуяларды талкуулап, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашып жана Түрк Мамлекеттеринин Уюмунун мүчө-мамлекеттеринин энергетика тармагындагы биргелешкен аракеттерин бекемдөө жолдорун изилдешти.
Мурунку жолугушуулардын жыйынтыктарына таянуу менен бул жолугушуу энергетикалык саясат маселелери боюнча диалогду кеңейтүү, кызматташтыктын багыттарын диверсификациялоо жана регионубуздун туруктуу жана коопсуз энергетикалык келечегине салым кошо турган долбоорлорду алдыга жылдыруу үчүн баалуу аянтча болуп эсептелди.
Аталган жолугушуунун жүрүшүндө Энергетика министри Таалайбек Ибраев сөз сүйлөп, энергетика тармагында кызматташуунун терендетүү үчүн мындай жолугушуулардын болуусу, өлкөлөр аралык кызматашууга жана тармакты өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөөрүн билдирди.
«Кыргыз Республикасы үчүн түрк мамлекеттеринин ортосундагы энергетикалык кызматташтыкка катышуу бүткүл аймактын узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн туруктуулугун бекемдеген стратегиялык артыкчылыктуу багыт болуп саналат.
Бүгүнкү жолугушуу энергетикалык коопсуздук, энергосистемалардын туруктуулугу, жашыл технологияларды киргизүү жана климаттык тобокелдиктерди жоюу маселелери мамлекеттик саясаттын борбордук элементтерине айланган шартта өтүүдө.
2025-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров Бишкек Саммитинде Кыргыз Республикасы Түрк Мамлекеттер Уюмунун ролун жана беделин мындан ары бекемдөө максатында боордош түрк өлкөлөрү менен эң конструктивдүү өз ара аракеттенишерин баса белгилеген. Анткени түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрү кайра жаралуучу энергетика чөйрөсүндө – гидроэнергетика, күн, шамал, биоресурстар чөйрөсүндө зор потенциалга ээ».
