Бишкек жана Чүй облусунда «ЭКСПО Кыргызстан» улуттук көргөзмө комплекси түзүлөт
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
12 август

Бишкек жана Чүй облусунда «ЭКСПО Кыргызстан» улуттук көргөзмө комплекси түзүлөт

Кыргызстанда «ЭКСПО Кыргызстан» улуттук көргөзмө комплексин түзүү чечими кабыл алынды. Тиешелүү №277 жарлыкка 2026-жылдын 7-августунда кол коюлду.

Долбоорду Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында ишке ашыруу пландалууда. Комплексти түзүү стратегиялык мамлекеттик милдет катары аныкталды.

«ЭКСПО Кыргызстан» көргөзмөлөрдү, конгресстерди, ишкердик иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле өлкөнүн инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн таанытуу үчүн аянтча болот деп күтүлүүдө.

Долбоордун негизги максаттарынын бири — инвестициялык климатты жакшыртуу, эл аралык экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана кыргызстандык продукцияны тышкы рыноктордо илгерилетүү.

Мындан тышкары, комплексти түзүү заманбап көргөзмө-конгресс инфраструктурасын калыптандырууга жана Кыргызстандын аймактык жана дүйнөлүк экономикалык процесстерге активдүү интеграцияланышына өбөлгө түзөт.

Министрлер кабинетине долбоорду ишке ашырууда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялай турган ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ түзүү тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.