Баткен шаарында эт саткан муниципалдык дүкөндөр ачылат
18 август

Баткен шаарында эт саткан муниципалдык дүкөндөр ачылат

Баткен шаарында муниципалдык эт дүкөндөрү ачылат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев Баткен шаарынын жана бардык тийиштүү облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жыйын өткөрүп, эттин баасын туруктуу кармоо жана калкты эт менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча тапшырмаларды койду.

Муктаждыкка жараша, Баткен шаардык мэриясына муниципалдык эт дүкөндөрүн уюштуруу жана ишке киргизүү боюнча тапшырма берди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 11-августтан тарта эттин баасына 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилген. Мындай чечим баанын негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына ылайык;

  • Баткен ш жана Баткен районунда 1 кг уйдун эти – 670 сомдон, койдун эти – 680 сом,
  • Кызыл-Кыя шаарында – 650-680 сом
  • Кадамжай районунда – 670-680 сом
  • Лейлек районунда – 650-680 сом
  • Сүлүктү шаарында – 650-680 сом болуп бекитилген.