«Кыргыз сорт сыноо станциясы» ишканасы 2024-жылда 4 млн. сом киреше тапты
10 январь

«Кыргыз сорт сыноо станциясы» ишканасы 2024-жылда 4 млн. сом киреше тапты

«Кыргыз сорт сыноо станциясы» мамлекеттик ишканасы 2024-жылда 4 миллион сом киреше тапты, бул 2023-жылга салыштырмалуу 190%га көп. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, «Кыргыз сорт сыноо станциясы» мамлекеттик ишканасы фермерлерге ата мекендик жана чет элдик селекциянын акыркы жетишкендиктери менен таанышууга шарт түзүп, айыл чарбасында негизги ролду ойнойт.

2024-жылы ишкананын сорт сыноо тилкелеринде 1264 сорт сыноолор өткөрүлдү, анын ичинде:

  • кылкандуу дан эгиндери боюнча 553 сыноолор;
  • дан буурчак өсүмдүктөрү боюнча 33 сыноолор; 
  • тоют өсүмдүктөрү боюнча 161 сыноолор; 
  • жашылча жана бакча өсүмдүктөрү боюнча 144 сыноолор;
  • техникалык жана май өсүмдүктөрү боюнча 92 сыноолор; 
  • мөмө-жемиш өсүмдүктөрү боюнча 147 сыноолор;
  • сортторду атайын булгама ыкмасы менен жуктуруп сорттордун негизги патогендерге туруктуулугун изилдөө боюнча 134 сорт сыноолор.