Өзгөндө жумушканын баасы 150 сомго чыкты — башка аймактарда абал кандай?
2026-жылдын июль айында Кыргызстанда тоок жумурткасынын орточо баасы 10 даанасына 132,58 сомду түздү. Бир ай мурда бул көрсөткүч 132,15 сом болгонун Улуттук статистика комитети билдирди.
Бир ай ичинде жумуртканын баасы 43 тыйынга, же болжол менен 0,3%га жогорулады. Өлкө боюнча баа дээрлик өзгөргөн жок, бирок калктуу конуштардын ортосундагы айырма дагы эле байкалат.
Июль айында эң кымбат жумуртка Өзгөндө сатылып, 10 даанасы 150 сомду түздү. Ноокатта орточо баа 148,32 сом, Караколдо – 140 сом, ал эми Манас шаарында – 138,77 сом болду.
Эң төмөнкү баалар Таласта – 119,86 сом, Кербенде – 120 сом, Ошто – 122,14 сом жана Кара-Сууда – 123,24 сом катталды.
Бишкекте 10 даана жумуртканын баасы 136,59 сомдон 137,15 сомго чейин жогорулады. Ошто болсо баа бир аз өсүп, 121,97 сомдон 122,14 сомго жетти.
Эң олуттуу кымбаттоо Ноокатта катталып, жумуртканын баасы 10 даанасына 7,07 сомго өстү. Ал эми эң чоң арзандоо Жумгал районунун Чаек айылында байкалып, баа 138,75 сомдон 133,25 сомго чейин төмөндөдү.
