Кыргызстан менен Азербайжан Өнүктүрүү фондунун капиталы $200 млн чейин көбөйтүлдү
Экономика министрлиги
31 июль

Кыргызстан менен Азербайжан Өнүктүрүү фондунун капиталы $200 млн чейин көбөйтүлдү

Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-азербайжан кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган эки маанилүү документке кол коюлду.

Тактап айтканда, 2022-жылдын 11-октябрындагы Азербайжан–Кыргыз Өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи кошумча макулдашууга кол коюлуп, Фонддун уставдык капиталы 100 млн АКШ долларынан 200 млн АКШ долларына чейин көбөйтүлдү.

Фонддун капиталынын көбөйтүлүшү инвестициялык долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана Кыргыз Республикасынын экономикасына азербайжандык инвестицияларды көбүрөөк тартууга өбөлгө түзөт.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы 2024–2029-жылдарга кызматташуу программасын ишке ашыруу боюнча Жол картасына кол коюлду.

Документте конкреттүү иш-чаралар каралып, жетишилген макулдашуулардын аткарылышына системалуу мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.