Күркө, контейнер жана ангарлардын ээлери мүлк салыгы боюнча декларация тапшырууга милдеттүү болушат
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
2 август

Күркө, контейнер жана ангарлардын ээлери мүлк салыгы боюнча декларация тапшырууга милдеттүү болушат

Кыргызстанда айрым турак эмес объектилердин ээлерин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсепти өз алдынча тапшырууга милдеттендирүү сунушталууда.

Кеп мамлекеттик кыймылсыз мүлк кадастрында каттоого алынбаган контейнерлер, күркөлөр, ангарлар жана башка жеңил конструкциядагы курулмалар тууралуу болууда.

2026-жылдан тарта турак эмес объектилерге мүлк салыгы кадастрдык маалыматтардын негизинде салык органдары тарабынан эсептелет. Бирок жеңил конструкциядагы курулмалар тууралуу маалыматтар кадастрда жок.

Мындай объектилерди да салык салуу чөйрөсүнө камтуу үчүн алардын ээлерин тиешелүү маалыматтарды өз алдынча берүүгө милдеттендирүү сунушталууда.

Мындан тышкары, ижарага берилген же мүлк салыгын төлөөдөн бошотулган субъекттер пайдаланган объектилер боюнча маалыматтык эсепти тапшыруу тартибин тактоо пландалууда.