Министр: Кыргызстанда кышында электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлбөйт
Кышында электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлбөйт. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкөнүн энергетика тармагында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүп жатат.
«Биз күз-кыш мезгилине даярданып жатабыз. Калкты электр энергиясы менен толук камсыз кылуу жана бардык пландалган иштерди өз убагында аткаруу үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө», – деди министр.
Рысбеков белгилегендей, «электр энергиясын өчүрүү графиги» деген түшүнүк жок. Ошол эле учурда ал авариялык кырдаалдар жаралган учурда энергетиктер мүчүлүштүктөрдү ыкчам жоё турганын айтты.
«Форс-мажордук жагдайлар болушу мүмкүн, техника деген техника. Эгер авариялык кырдаалдар жаралса, аларды ыкчам жоюу үчүн атайын даярдалган бригадалар күчөтүлгөн тартипте иш алып барат», – деп кошумчалады Энергетика министрлигинин башчысы.
