Экономика министри Иран элчиси менен кызматташуунун келечегин талкуулады
6 декабрь

Экономика министри Иран элчиси менен кызматташуунун келечегин талкуулады

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев Ирандын элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 6-декабрда Бишкекте өткөн. 

Жолугушууда эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун негизги маселелерин талкуулашты.

Жолугушуу учурунда өзгөчө көңүл Кыргыз-Иран Инвестициялык кеңсесин ачуу маселесине бурулду. Бул кеңсе Кыргызстан экономикасынын артыкчылыктуу секторлоруна ирандык инвестицияларды тартуунун маанилүү куралы болот.

Данияр Амангельдиев эки тараптуу соода жүгүртүүнүн оң динамикасын белгилеп, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланганын билдирди. Бул агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө түзөт.

Жолугушуунун соңунда министр конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.