"Айыл Банк" мындан ары "АБанк" деп аталат
15 март

"Айыл Банк" мындан ары "АБанк" деп аталат

Улуттук банк "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун лицензияларын алмаштырды.

Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, лицензияларды алмаштырууга банктын фирмалык аталышынын өзгөргөндүгү себеп болгон.

Ошентип, 2026-жылдын 12-мартынан тарта банктын жаңы аталышы төмөнкүдөй бекитилди:

  • мамлекеттик тилде: "АБанк" ачык акционердик коому ("АБанк" ААК);
  • расмий тилде: Открытое акционерное общество "АБанк" (ОАО "АБанк");
  • англис тилинде: The open joint-stock company ABank (OJSC ABank).

Буга чейинки берилген лицензиялар банктын аталышы жаңылангандыгына байланыштуу кайра жол-жоболоштурулду.