Кыргызстан менен Катар биргелешкен бизнес-форумун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты
2 ноябрь

Кыргызстан менен Катар биргелешкен бизнес-форумун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты

Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев Катардын Соода өнөр-жай палаталарынын башкаруу Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Мухаммед бин Ахмед Тувар Аль-Куварий менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу 31-октябрда Доха шаарында өттү. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Катар соода экономикалык кызматташтыгын бекемдөөнүн жана эки өлкөнүн бизнес коомчулугунун ортосундагы мамилелерди түзүүнүн келечегин талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар жакынкы мезгилде Доха шаарында Кыргыз-Катар биргелешкен бизнес-форумун өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун соңунда тараптар, сүйлөшүүдө жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруу үчүн, ар дайым тыгыз байланышта болууну макулдашышты.