Абытов: ИДП 3 айда 13 пайызга өстү
Кат аркылуу минкабга кайрылган эмесмин бирок рахмат айткым келет муз ордунан козголду минфин канаттуу фабрикасын карамагына алды.
Кыргызстанда ИДП 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 9 пайызга өссө, 2025-жылдын 1-кварталында 13 пайызга жетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин жана Министрлер Кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов билдирди.
Ал мындай өсүүлөргө депутаттардын да салымы чоң экенин белгиледи.
«Өкмөт менен Жогорку Кеңеш чынында бир куштун эки канатындай. Силер көтөргөн маселелер тууралуу айтсам, жаңы жылдан бери депутаттар 423 маселе көтөрүштү, 1192 тапшырма беришти. Мен ар бир айтылган сөздү тийиштүү тарапка жеткирем, мисалы бүгүн айтылганды эртең жөнөтөм. Ага беш күндүн ичинде жооп келиши керек», – деди Абытов.
Ошондой эле ал депутаттар Балбак Түлөбаев менен Камила Талиеванын «МинКаб жумшак айтсак аткарышпайт, катуу айтсак таарынышат» деген билдирүүсүнө жооп катары:
«Эч ким эч кимге таарынбашы керек. Бул биздин жумуш – силер айтасыңар, биз аткарабыз», – деди.
