Кыргызстан – Азербейжан кызматташтыгы. Эксперттер маанилүү артыкчылыктарды аташты
31 июль

Кыргызстан – Азербейжан кызматташтыгы. Эксперттер маанилүү артыкчылыктарды аташты

Чолпон-Атадагы Борбор Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу чөлкөмдөгү мунай продукцияларына жана энергетикага байланышкан маселелердин чечилишине жол таап бериши мүмкүн. Мындай пикирди экономика илимдеринин доктору, профессор Гурас Жапаров карманат.

Анын айтымында, жылдан жылга Кыргызстан менен Азербейжандын ортосундагы соода-сатык көлөмү көбөйдүүдө. Мисалы, 2020-жылы эки өлкө ортосунда 5 млн 400 миң доллардын тегерегиндеги соода-сатык орун алса, бүгүнкү күндө ал 7-8 миллион долларга жетти.

“Кыргызстандын кызыкчылыгы логистика жана мунай продукцияларында. Анткени, Россия менен Украинанын ортосундагы чыр-чатак логистиканын бузулушуна алып келди. Ал эми Азербейжан мунай продукцияларына бай. Менимче, Кыргызстан менен Азербейжандын президенттеринин жолугушуусунда бул маселелер каралат болушу керек.

Экинчи маселе, Кыргызстан менен Азербейжандын соода жүгүртүүсүдө кайсы мамлекетке эмне кетет деген суроого жооп берсек, бизге Азербейжандан көбүнчө шекер, сахароза келет экен, а бизден аларга айыл чарба продукциялары жана медициналык товарлар кетет. Эми бул экспорттук-импорттук структурага дагы бир компонент кошулганы турат. Ал – мунай продукциялары.

Азыр дүйнө жүзү тынч эмес. Айрыкча, АКШ менен Ирандын кагылышуусунан улам Ормуз кысыгы жабылып, татаал маселе жаратты. Мындай тиреш мунайдын баасынын көтөрүлүшүн шарттады. Анын айынан бизде күйүүчү майды диверсификациялоо маселе турат. Буга чейин күйүүчү майды 95 пайызга чейин Россиядан импортточубуз. Ошондуктан, Борбор Азия өлкөлөрү жана Азербейжандын биргелешкен аракети бүгүнкү күндө абдан маанилүү”, – деди эксперт.

Экономика илимдеринин доктору, профессор Жумабек Жаилов буга чейин Борбор Азия өлкөлөрү ар кандай саясат жүргүзүп, Батыш, Кытай жана Россия менен кызматташып келгенин, бирок соңку жылдары өлкөлөр аралык маселелер оң тарабына чечилгенинен улам, ички кызматташтык жанданып баштаганын белгиледи.

Айтымында, Борбор Азиянын биригишине саясий жана чек ара маселелерине чекит коюлганы түрткү болду.

“Ич арадагы бардык маселелер чечилгенине байланыштуу структуралык реформа жасалып, 5 мамлекет экономикалык кызматташтыкты көрсөтөлү деп консультативдик кеңеш түзүшкөн. Ал жакшы жыйынтык берип жатат. Акыркы 3-4 жылда Борбор Азия өлкөлөрү экономикалык көрсөткүчтөрү аркылуу дүйнөдөгү эң тез өнүгүп жаткан мамлекеттердин катарына кошулду. Кошуналар менен мамилебизди жакшыртып, күч аракетибизди экономикалык байланышка жумшап жатабыз”, – деди.

Кыргызстанга Азербейжан эмнеси менен кызык? Жаилов бул суроого жооп берип жатып, азер өлкөсүнүн үч башкы артыкчылыгына токтолду.

Ал белгилегендей, биринчиден, Азербейжан – экономикалык мүмкүнчүлүгү жогору өлкөлөрдүн катарына кирет. Экинчиден, Каспий деңизинде эркин экономикалык зона ачкан. Үчүнчүдөн, Грузия жана Түркияга түз жүргүзчү жана жүк ташуучу темир жолу бар.

“Логистика азыр Кыргызстан үчүн курч маселе. А Азербейжан муну жолго койгон. Борбор Азия Россиядагы кырдаалдан улам баштагы калыптанган логистикасында кыйынчылыкка учурап келет. Ага альтернатива керек болчу, аны Азербейжан аркылуу табабыз. Буйруса, товарлар Европа, Түркияга жаңы транспорт коридору аркылуу кетип жатат”, – деди ал.