VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы байге фонду 64 млн сомду түзөт
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
1 август

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы байге фонду 64 млн сомду түзөт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук мелдештеринин жалпы байге фонду 64 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине караштуу Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциядан билдиришти.

Жеңүүчүлөр менен байге ээлерине каралган акчалай сыйлыктар алдын ала спорттун түрлөрү боюнча бөлүштүрүлгөн.

Ошол эле учурда уюштуруучулар демөөрчүлөр жана спорттук федерациялар менен сүйлөшүүлөрдү улантып жаткандыктан, байге фондунун көлөмү дагы көбөйүшү мүмкүн.

«Бардык жеңүүчүлөр жана байге ээлери акчалай сыйлык, медаль жана эстелик белектер менен сыйланат. Медалдарга буга чейин эле буйрутма берилип, учурда даярдоо баскычында турат», – деди Касенов.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт. Мелдештерге 113 өлкөдөн 3 миңге жакын спортчу катышат.