видеодон алынган кадр
1 август
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна таш көчкү түштү
1-августка караган түндө саат 00:00- 03:00 чамасында Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 138–139-чакырымында таш көчкү түшкөн. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, учурда жолдун бир тилкеси аркылуу транспорт каражаттарынын кыймылы уюштурулуп, жол бир тараптуу ачык.
Жерине тиешелүү техникалар тартылган.
Жолду толугу менен ачуу боюнча иштер уланууда.
