сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
1 август
Ар бир үчүнчү кыргызстандык аралыктан иштөөнү каалайт
Кыргызстандагы жумуш издөөчүлөрдүн каалоолору учурдагы эмгек шарттарынан кыйла айырмаланат.
HeadHunter жүргүзгөн сурамжылоонун маалыматына ылайык, учурда респонденттердин 40%ы толугу менен кеңседе же түздөн-түз жумуш ордунда иштейт.
26%ы гибриддик форматта, ал эми 20%ы толугу менен аралыктан иштешет. Катышуучулардын дагы 7%ы ишинин көчмө мүнөздө экенин билдирсе, 7%ы башка вариантты тандаган.
Бирок тандоо мүмкүнчүлүгү берилсе, сурамжылоого катышкандардын 46%ы гибриддик иш форматын, ал эми 31%ы толугу менен аралыктан иштөөнү каалашарын билдиришкен.
Жалаң гана кеңседе иштөөнү каалагандар 13%ды түзгөн.
Сурамжылоого Кыргызстандын 259 жумуш издөөчүсү катышкан.
