Кыргызстан жана Түркия бажы тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөдө
КР Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А. Салиев менен Түркиянын соода министринин орун басары С. Учармактун эки тараптуу жолугушуусу болду.
Ведомстводон кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу Казакстандын Түркстан шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 11-жолугушуусунун алкагында 8-сентябрда өттү.
Тараптар эки тараптуу бажы кызматташтыгынын келечегин, анын ичинде Бажы кызматташтыгы боюнча кеңештин 3-отурумуна даярдык маселесин жана өз ара соода боюнча актуалдуу статистика менен алмашууну талкуулашты.
Өзгөчө көңүл бажы кызматкерлеринин кесиптик даярдыгын жогорулатууга бурулуп, биргелешкен тренингдерди өткөрүү жана тажрыйба алмашуу боюнча макулдашылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын бажы органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоого даярдыгын тастыкташты. Бул аракеттер соода-экономикалык байланышты өнүктүрүүгө жана өз ара соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталат.
