Лицензиялык-уруксат берүү ишин радикалдуу бюрократиядан арылтуу: “Zero Plus” ыкмасы – бардык уруксаттар менен лицензияларды толугу менен жоюу
24 апрель

Лицензиялык-уруксат берүү ишин радикалдуу бюрократиядан арылтуу: “Zero Plus” ыкмасы – бардык уруксаттар менен лицензияларды толугу менен жоюу

2025-жылдын 23-апрелинде Юстиция министрлигинде бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Аталган жолугушууда Экономика министрлиги менен Юстиция министрлигинин жетекчилиги мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү бардык уруксаттар менен лицензияларга карата "жоюучу гильотинасы" механизмин ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык демилгени талкуулап, сунушташты.

Бул ыкма кээде “Zero Plus” деп да аталат жана мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү уруксаттар менен лицензиялардын санын кескин кыскартууну карайт. Максаты – уруксат берүү жана лицензиялоо тармагында ачык, натыйжалуу жана кардарга ыңгайлуу мамлекеттик жөнгө салуу тутумун түзүүгө багытталган.

Экономика министрлигинин жана Юстиция министрлигинин жетекчилери демилге бюрократиядан арылтуу долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткандыгын жана бул ыкманын идеясы өтө жөнөкөй экенин белгилешти.

“Zero Plus” ыкмасынын маңызы мамлекеттик органдарга кандайдыр бир уруксаттарды жана лицензияларды берүүнүн максатка ылайыктуулугун негиздөө үчүн кыска мөөнөт берилээринде турат.

Ал эми башка бардык уруксаттарды жана лицензияларды алууга бардык башка талаптар бир жолку "жоюу гильотинасы" аркылуу жокко чыгарылат.

Бул кайталанма жана эскирген жол-жоболорду алып салып, ашыкча талаптарды жоюуга мүмкүндүк берет.

Ошентип, ар бир мамлекеттик орган кайсы уруксат же лицензияны калтыруу зарыл экенин негиздеп берүүгө тийиш.

Бул жөн гана оптималдаштыруу эмес. Бул – толук кайра жүктөө. Жаңы принцип: далилденген жана негизделген нерселерге гана уруксат берүү.

Реформанын максаты-бизнес менен мамлекеттин ортосундагы ишенимди жогорулатуу, көзөмөлдөөнү өнөктөштүккө алмаштыруу.

Жолугушуунун жыйынтыгында “Zero Plus” ыкмасы боюнча өзүнчө жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Бул жумушчу топко бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрү да кирет жана мамлекеттик органдар ар бир уруксат же лицензияны калтыруу зарылдыгын далилдеп беришет.

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик органдар тарабынан 700дөн ашык уруксат берүүчү мүнөздөгү документтер берилет. Азыр бюрократиядан арылтуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк терезеси ачылды, жана чечкиндүү, тез аракет кылуу керек», – деп жыйынтыктады жолугушууну Юстиция министри А. Баетов.