2025-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджети биринчи жолу 1 трлн сомду түзгөн тарыхый чектен ашты
23 декабрь

2025-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджети биринчи жолу 1 трлн сомду түзгөн тарыхый чектен ашты

2025-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджети тарыхый чектен ашып, 1 триллион 93 миллиард сомго жетти.

Триллион сомдук бюджетти эки жыл мурда орундатуу – ырааттуу экономикалык жана фискалдык саясаттын натыйжасы. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев КР Жогорку Кеңешинин кеңейтилген жыйынында Министрлер Кабинетинин 2024-жылга карата отчетун кароо, 2025-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2026-жылга республикалык бюджет жана 2027-2028-жылдарга болжолдор жөнүндө мыйзам долбоорун кароо учурунда билдирди.

“2025-жылы “Элдик банкты” жана энергетикалык компанияларды капиталдаштыруу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу, Камбар-Ата ГЭС-1, Мамлекеттик ипотекалык компания сыяктуу стратегиялык багыттарга олуттуу бюджеттик каражаттар бөлүнөт. Капиталдык салымдардын көлөмү беш эседен ашык көбөйдү – 10 миллиарддан 51,7 миллиард сомго”, – деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы.