Эгемендүүлүк күнүнө карата энергетика тармагында 11 обьект ишке кирди
29 август

Эгемендүүлүк күнүнө карата энергетика тармагында 11 обьект ишке кирди

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун энергетика тармагындагы тартыштыкты жою, тармакты өнүктүрүү, генерацияны көбөйтүү боюнча койгон тапшырмасына ылайык, Энергетика министрлиги тарабынан реформалар жүргүзүлүп, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу багытында, долбоорлор ишке ашып, чакан ГЭСтер курулуп, ири ГЭСтер реконструкцияланып, эскирген жабдуулар жаңыланып, обьектилер курулуп, жумушчуларга ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө.

Министрликтин 2025-жылга койгон планынын негизинде 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жетектөөсү менен жаңы 11 обьект ишке кирди. Бул обьектилер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ишке берилген 100 обьектинин катарын толуктады.

Энергетика тармагында ишке кирген обьектилер:

  • 4 чакан ГЭС;
  • Аксы ГЭСи – 4,75 МВт. Жалал-Абад облусунун, Аксы районун, Кызыл-Көл айылында жайгашкан;
  • Ысык-Ата-2 ГЭСи- 4 МВт. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан;
  • Боз-Учук ГЭСи – 5,5 МВт. Ыссык Көл облусу, Ак-Суу району, Жаны-Арык айылында жайгашкан;
  • Койсуу ГЭСи – 9 МВт. Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району.

2 Көмүр кени;
*Кожо-Келен көмүр кени;
*Бешбурхан көмүр кени;

2 Цех
*Жалал-Абад электр тармактар ишканасына таандык трансформаторлорду оңдоо цехи;
*Ош электр тармактар ишканасына таандык “Темир-бетон буюмдарын жасоо цехи” курулду;

2 имарат
*Араван РЭТине караштуу Чек-Абад УЭСне кызматтык имараты;
* “Электр станциялар” ААКнын административдик имараты;

1 көмөк чордон
*Жалал-Абад электр тармактар ишканасына таандык 110/35/10кВ “Бозбу” көмөк чордонуна

Энергетика министри Таалайбек Ибраев пайдаланууга берилген ар бир обьектини өзү текшерип чыгып, кесиптештеринин ишине ийгилик каалап, 31-август Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап өттү.