Ак-Талаа районунда жүндү кайра иштетүүчү кичи ишкана ачылды
29 август

Ак-Талаа районунда жүндү кайра иштетүүчү кичи ишкана ачылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында жүндү кайра иштетүүчү кичи ишкана ачылып, ишке берилди.

Ишкананын курулушу, керектүү жабдыктар менен камсыз кылууга 2 675 000 сом бөлүнүп, анын ишке кириши аймактагы социалдык-экономикалык абалды кыйла жакшыртууга өбөлгө түзөт. Учурда ишкананы “Карыбек” кооперативи иштетип, мындагы чарбада азырынча 10 тоннадан ашуун Меринос коюнун уяң жүндүү жүнү бар.

Бул жерде өндүрүлгөн продукция (төшөк, жууркан ж.б) ички рыноктун муктаждыгын камсыздоого багытталган жана жакынкы келечекте экспортко чыгууну мерчемдеп жатышат. Сырьё менен ишкана Ак-Талаа жана коңшу райондордон камсыз болушат. Ушул тапта жаңы ачылган ишканада жергиликтүү тургундар туруктуу иш орду менен камсыз болушту.