Кыргызстан боюнча бир учурда 100 социалдык объект ишке кирди
29 август

Кыргызстан боюнча бир учурда 100 социалдык объект ишке кирди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы В.Терешкова атындагы №11 мектепти ачты жана ошол эле учурда бүткүл Кыргызстан боюнча дагы 100 социалдык объектини онлайн форматта ишке киргизди.

Жатак-мектеп 1963-жылы ачылган. Башында окуу жай 6 гектар жер тилкесине курулуп, үч кабаттуу окуу корпусун, ошондой эле эркек балдар жана кыздар үчүн өзүнчө жатаканаларды камтыган.

2022-жылдын май айында республикалык бюджеттин эсебинен 700 окуучуга ылайыкталган окуу корпусунун жана 500 орундуу жатакананын курулушу башталган.

Толугу менен реконструкциядан өткөндөн кийинки мектептин ачылыш аземине Советтер Союзунун Баатыры биринчи аял-космонавт Валентина Терешкова видео-байланыш форматында катышты.

Ал өзүнүн атын алып жүргөн мектепти сактап, өнүктүрүү үчүн ыраазычылык билдирди, жүргүзүлгөн реконструкцияга канааттануусун белгиледи, ошондой эле окуучуларга окууларында ийгиликтерди жана жаңы билимге умтулууну каалады.

Иш-чарага Россия Федерациясынан делегация да катышты, анын ичинде Россия Президентинин Чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысы Игорь Маслов, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, Мамлекеттик Думанын туризм жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Николай Валуев жана башка расмий адамдар бар.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Валентина Владимировнага көңүл буруусу жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, мектеп анын ысымын жарым кылымдан ашык убакыттан бери сыймыктануу менен алып жүргөнүн баса белгиледи. Ал 1979-жылы Терешкова билим берүү мекемесине өзү келип кеткенин эске салды. Эми масштабдуу реконструкциянын аркасында мектеп тарыхый маанисин сактап, заманбап көрүнүшкө ээ болду.

Садыр Жапаров мектеп миңдеген бүтүрүүчүлөрдү тарбиялоодо маанилүү роль ойногонун, арасында депутаттар, министрлер, көрүнүктүү коомдук, маданий жана саясий ишмерлер бар экенин белгилеп өттү. Мына ушундай алдынкы бүтүрүүчүлөрдүн катарында Кыргыз Республикасынын Баатыры Камчыбек Ташиев бар, 2022-жылы аны менен биргеликте окутуу жүргүзүүгө жараксыз деп табылган имаратты толук реконструкциялоо чечими кабыл алынган.

Заман талабындагы мектеп-интернат 2,3 гектар жерде жайгашып, балдардын заманбап шартта билим алуусуна жана ыңгайлуу жашоосуна толук мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

“Дал ушундай мекемелер ар кандай шартта жашаган таланттуу балдарыбыздын талантын ачып, өркүндөтүп, билимге умтулган жаштарыбызга терең билим берип, жөндөмүнө жараша кесипке үндөп, жаркын келечегине өбөлгө түзөрүнө бекем ишенем”, - деди Мамлекет башчысы.

Ал ошондой эле окуучулар жөн гана окушпастан, алып жаткан билимин турмушта пайдалануусуна, кесипке эрте багыт берүүгө басым жасалып жатканына өзгөчө көңүл бурду. Садыр Жапаров 12 жылдык билим берүү системасына токтолуп, окутуунун мазмуну, билим берүүнүн ыкмалары өзгөрүп, предметтик стандарт жаңыртылганын баса көрсөттү. Быйыл улуттук “Алтын Казык” программасы киргизилет.

Жаңы ыкмаларды өздөштүрүү үчүн 16 миңге жакын мугалим STEM багыттары боюнча даярдыктан өтүштү. Калган предметтер боюнча 37 миңден ашуун мугалим квалификациясын жогорулатты. Жаңы окуу жылына карата мугалимдер үчүн 27 миңден ашык ноутбук таркатылды.

Президент 12 жылдык программага ылайык жаңы окуу китептерин басып чыгарууга мамлекет тарабынан 744 млн сом бөлүнгөнүн белгиледи. Мектептердин китепканалары үч окуу жыл аралыгында толук жаңыртылат.

Садыр Жапаров мугалимдерге кайрылып, алар коомдон бир нече кадам алдыда турушу зарылдыгын белгиледи. Күн сайын изденүү, саат сайын жаңылануу, билимиңиздерди утур-утур өркүндөтүү аркылуу бүгүнкү балдарыбызга заман талап кылып жаткан тарбия, билим берүү кажет.

Мамлекет өз кезегинде зарыл болгон бардык шарттарды түзүп берүүдө, анын ичинде заман талап кылган мектептерди куруп, жаңы ыкмаларды киргизүүдө.

“Талбай изденген, мекенчил агай-эжейлердин аракети аркылуу балдарыбыздын талант-шыгы ойгонот. Ата-бабаларыбыздан калган нарк-насилди заманбап билим менен жуурулуштуруп тарбия, билим берсеңиздер чыныгы атуулдарды тарбиялап чыгасыздар. Мына ошол уул-кыздарыбыз Кыргызстанды өнүккөн мамлекеттердин катарына кошот. Албетте, сиздердин мындай ат көтөргүс эмгегиңиздер мамлекет тарабынан татыктуу бааланууга тийиш. Быйыл ошондой эле эмгек акыңыздарды дагы көтөрөбүз”, - деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы сөзүнүн аягында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата бүгүн 100 социалдык объект пайдаланууга берилгенин белгилеп, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү анын социалдык саясатынын мазмунунан жана сапатынан түздөн-түз көз каранды экенин баса белгиледи.

Андан ары Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн форматта жалпы Кыргызстан боюнча дагы 100 социалдык объекттин ачылышы болду. Анын ичинде 57 мектеп жана кошумча корпустар, 17 бала бакча, 9 спорт зал жана 11 медициналык мекеме бар.

Расмий бөлүктөн кийин Президент Садыр Жапаров Россиядан келген коноктор менен бирге мектептин жана жатакананын имараттарын көрүп чыгышты.