«Достук» өткөрмө пунктунда «Интеллектуалдык өткөрмө пункту» пилоттук долбоору ишке киргизилди
«Достук» өткөрмө пунктунда бүгүн, 20-мартта «Интеллектуалдык өткөрмө пункту» автоматташтырылган системасынын пилоттук долбоору ишке киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.
Иш-чарага Бажы кызматынын төрагасы А. Салиев катышты.
Долбоор Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2022-2025-жылдарга өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруунун алкагында ишке ашырылууда.
Долбоордун максаттары:
- Бажы жол-жоболорун тездетүү жана жөнөкөйлөтүү
- Чек арадан өтүү убактысын кыскартуу
- Адам факторунун таасирин минималдаштыруу
- Ачыктыкты жогорулатуу жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу
Системанын функциялары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Ылдамдатылган текшерүү үчүн унаанын номерин таануу
- Шлагбаумдарды жана жол чырактарды автоматтык башкаруу
- Айдоочулардын чек арадан өтүү тартиби тууралуу визуалдык жана үн менен кабарлоо
- Салмакты жана радиацияны көзөмөлдөө үчүн жабдуулар
Система реалдуу убакыт режиминде маалымат алмашууну камсыз кылуу жана бажы органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу менен мамлекеттик маалымат ресурстары менен интеграцияланат.
Пилоттук долбоорду ишке киргизүү бажы кызматын санариптештирүү процессинин бир бөлүгү болуп саналат жана бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
