Кыргызстандагы аял ишкерлер 2,4 млрд сомдон ашык насыя алышкан
2026-жылдын январь-июнь айларында «Кепилдик фонд» ААК тарабынан ишкер айымдарга 328 кепилдик берилди.
Бул көрсөткүч фонд тарабынан жылдын биринчи жарым жылдыгында берилген бардык кепилдиктердин 34%ын түздү.
Жалпы колдоонун көлөмү 655,4 млн сомду түздү. Берилген кепилдиктердин аркасында ишкер айымдар бизнесин өнүктүрүүгө жана турак жай сатып алууга 2 млрд 407 млн сомдон ашык насыя тарта алышты.
Кепилдиктердин эң көп бөлүгү айыл чарба тармагындагы долбоорлорго берилген — жалпы сандын 28%ы. Андан кийин ипотекага — 23%, унаа транспортуна — 20%, соода тармагына — 18%, өнөр жайга — 7% туура келген.
Мындан тышкары, кепилдиктердин 2%ы кызмат көрсөтүү тармагына, ал эми туризм жана курулуш тармактарына ар бирине 1%дан багытталган.
Ошол эле учурда кепилдиктердин көлөмү боюнча өнөр жай тармагы алдыда болуп, 214 млн сомдон ашык кепилдик берилген. Экинчи орунда соода тармагы — 169,7 млн сом, үчүнчү орунда ипотека — 97,9 млн сом болду.
Ал эми туризмге берилген кепилдиктердин көлөмү 49,9 млн сомду, курулушка — 33,9 млн сомду, унаа транспортуна — 33,7 млн сомду, айыл чарбасына — 30,1 млн сомду, кызмат көрсөтүү тармагына — 25,9 млн сомду түздү.
