Алмамбет Шыкмаматов SICPA SA компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
25 март

Алмамбет Шыкмаматов SICPA SA компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов SICPA SA компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы жана башкы директору Филипп Амонд менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда КРнын шарттарына ылайыкташтырылган алтынды жана коштоочу пайдалуу кендерди казып алууну байкоо жүргүзүү тутумун ишке киргизүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланды.

Бул тутумду ишке киргизүү кол өнөрчүлүк кендеринин ишин тартипке келтирүүгө, үлгүлөрдү алуу жол-жоболорун өркүндөтүүгө, руданы жана алтынды жеткирүү чынжырын көзөмөлдөөнү камсыз кылууга, ошондой эле алтынды жана анын сыныктарын мыйзамсыз жүгүртүүнү болтурбоого мүмкүндүк берет.

Салык кызматынын төрагасы алтынга байкоо жүргүзүү тутумун ишке киргизүү өлкө үчүн артыкчылыктуу жана стратегиялык мааниге ээ экенин баса белгиледи.

«Кыргызстанда алтын кендери жана аны казып алган компаниялар көп. Бирок натыйжалуу көзөмөл механизмдеринин жетишсиздигинен маалыматтарды бурмалоо, айрым жоопкерчиликсиз субъекттер тарабынан өндүрүш көлөмүн жашыруу сыяктуу тобокелдиктер жаралууда», – деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.