www
19 июль
Жыл башынан бери Кыргызстанга келген 370 миңден ашуун кытайлык туристтен $180 млн түшкөн
Акыркы бир жарым жыл ичинде Кыргызстанга 370 миңден ашуун кытай жараны туристтик виза менен келип кеткен. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" мамлекеттик агенттигине берген маегинде айтты.
Анын айтымына караганда, эгер алардын ар бири орточо эсеп менен 500 АКШ долларын коротту деп эсептесек, анда өлкө экономикасына 180 миллион доллардан ашуун каражат түшкөн болот.
"Ошондуктан турист менен эмгек мигрантын бир түшүнүк катары кароо туура эмес. Бирөө иштөө үчүн келет, экинчиси болсо өлкөбүзгө акча алып келип, экономикага кошумча киреше калтырып кетет", - деди ал.
