«Улуттук санарип валютанын» укуктук статусун аныктоого багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды
Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Улуттук санарип валютасынын – санарип сомун Кыргыз Республикасындагы укуктук статусунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.
Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору «Санарип сом» улуттук санарип валютасынын пилоттук долбоорун ишке киргизүү, ошондой эле анын укуктук негизин түзүү жана статусун белгилөө максатында иштелип чыккан.
Аны менен Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Толонов тааныштырды.
Мындан тышкары «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциядык мыйзам долбоору дагы үчүнчү окууда колдоо тапты.
Аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Мыйзам долбоорунун максаты улуттук санарип валюта «санарип сом» пилоттук долбоорун ишке киргизүү, ошондой эле анын укуктук негизин жана статусун түзүү болуп эсептелет.
