Өзгөндө карп жана чөп менен азыктанган балык түрлөрүн көбөйтүүчү инкубациялык цех ишке кирди
Ош облусунун Өзгөн районундагы «Өзгөн балык чарбасынын» базасында карп жана чөп менен азыктанган балык түрлөрүн жасалма жол менен көбөйтүү үчүн инкубациялык цехтин расмий ачылышы жана эксплуатацияга берүү аземи өттү.
Объектти расмий түрдө кабыл алуу жана тапшыруу иш-чарасына “Кыргыз балык чарбасы” МИнин директору Эдиль Ниязов жана Кыргыз Республикасындагы TİKA программаларынын координатору Мехмет Бодур катышты.
Инкубациялык цехтин ачылышы филиалдын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, жогорку сапаттагы балык уруктугунун көлөмүн көбөйтүүгө жана өлкөнүн түштүк аймактарында балык чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө салым кошот.
Аталган долбоор Түркиянын Кызматташтык жана координация боюнча агенттигинин (TİKA) техникалык жана каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, балыктын уруктарын инкубациялоо жана тирүү туруктуу стадияга чейин өстүрүү боюнча заманбап технологияларды колдонууга багытталган.
