«Жарнама жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда четке кагылды
Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында «Жарнама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда четке кагылды.
Демилгечи – депутат Дастан Бекешев белгилегендей, мыйзам долбоору жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштыруудан мыйзамдуу түрдө киреше алуу үчүн өз мүлкүн пайдаланууда турак жай менчик ээлеринин шериктиктеринин (ТМШ) жана орун жай ээлеринин кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Сунушталып жаткан түзөтүүлөр жарык диоддук экрандар (LED-экрандар) сыяктуу заманбап жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштырууга негизсиз жана мыйзамсыз тыюу салууларды болтурбоо максатын көздөйт.
Эл өкүлү 2024-жылдын 14-майында Бишкек шаардык кеңешинин №134 токтому менен турак үйлөрдүн фасаддарына жарык диоддук экрандарды жайгаштырууга тыюу салынганын эске салып:
«Бул колдонуудагы мыйзамдарга жана Конституциялык нормаларга каршы келет», – деди.
Талкуу маалында депутаттар Гүлшаркан Култаева, Салтанат Аманова жана комитет төрайымы Токтобүбү Ашымбаева мыйзам долбоорунда сунушталган нормалардын жана Министрлер кабинетинин корутундусунун ортосунда карама-каршылыктар бар экенин белгилешти. Ал эми депутат Болот Сагынаев LED-экрандардын форматы жана стандарты боюнча суроолорду тактап, мыйзам долбооруна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу тартибин киргизүү керектигин айтты.
Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыров алдын ала макулдашуусуз LED-экрандарды орнотуу борбор калаанын сырткы көрүнүшүнүн сакталышына терс таасирин тийгизерин жүйө келтирип, айрыкча турак үйлөрдүн, анын ичинен совет доорунда курулган имараттардын фасаддарына жарык диоддук конструкцияларды орнотуу архитектуралык бүтүндүктү бузушу мүмкүн экенин белгиледи.
Өз кезегинде Дастан Бекешев экинчи окууда мыйзам долбооруна аймактарды зоналаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу тартибин караган нормалар киргизилерин билдирди.
Депутат Сеидбек Атамбаев мыйзам долбоорун колдоп, башка өлкөлөрдө турак үйлөрдүн фасаддарына LED-экрандарды аймактык зоналаштыруу жана жарыктыгын чектөө талаптарын сактоо менен орнотууга уруксат берилерин айтты. Эл өкүлү Советбек Рустамбек уулу да мыйзам долбоорун колдоп, республиканын аймактарында LED-экрандарды жайгаштыруу механизмдерине көңүл бурду.
