Кыргызстандагы сүттүн баасы бир аз жогорулады
Орточо эсеп менен алганда, Кыргызстанда 2026-жылдын июль айында бүтүн, куюп сатылган пастерленбеген сүттүн баасы 1 литрине 66,12 сомду түздү. Июнь айында бул көрсөткүч 65,85 сом болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматы көрсөтөт.
Бир ай ичинде сүттүн баасы 27 тыйынга, же болжол менен 0,4%га жогорулады. Жалпысынан өсүш чоң болбогону менен, айрым калктуу конуштарда баалар олуттуу айырмаланды.
Июль айында эң кымбат сүт Баткен шаарында сатылып, анын баасы 1 литрине 80 сомду түздү. Андан кийин Бишкек шаарында – 71,58 сом, ал эми Манас шаарында – 66,63 сом болду.
Эң арзан баа Нарын шаарында жана Манас районунун Семетей айылында катталып, эки жерде тең 1 литри 45 сомдон сатылды. Чаек, Кара-Суу, Ноокат жана Өзгөндө болсо сүттүн баасы 50 сомдун тегерегинде болду.
Бишкек шаарында сүттүн баасы бир аз төмөндөп, 72,82 сомдон 71,58 сомго түштү. Ал эми Ош шаарында тескерисинче, 60 сомдон 63,16 сомго чейин жогорулады.
Көрсөтүлгөн калктуу конуштардын ичинен эң чоң өсүш Манас шаарында катталып, баа 62,63 сомдон 66,63 сомго чейин көтөрүлдү. Ал эми эң олуттуу төмөндөө Нарын шаарында болуп, сүттүн баасы 49,76 сомдон 45 сомго чейин азайды.
