Кыргызстан бут кийим экспортун 3,6 эсеге көбөйттү
2024-жылдын январь-декабрында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 16,0 млрд АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 0,9 %га өстү. Мында соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү 23,9 %ды, импорттуку 76,1 %ды түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
2024-жылдын январь-декабрында товарлардын экспорту өткөн жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 13,1%га өсүп, 3,8 млрд долларды түздү. Экспорттук жөнөтүүлөрдүн өсүшү негизинен бут кийим жана алардын тетиктердин 3,6 эсеге, пластмасса жана алардан жазалган буюмдардын 42,4 %га, автомобилдердин жана тракторлордун тетиктерин жана бөлүктөрүн 23,3 %га, жашылчалардын жана тамырлуу жашылчалардын 15,2 %га, алтындын 9,5 %га өсүшү байкалды. Муну менен бирге жеңил автоунаалардын 4,3 эсеге, пахта буласын 2,1 эсеге, жездин концентраттары жана рудаларынын 1,7 эсеге, кара металлдардын 24,5 %га, жездин калдыктарынын жана сыныктарынын 24,3 %га, электр машиналарынын жана жабдуулардын 11,7 %га, мөмө-жемиштердин жана жаңгактардын 11,3 %га, тирүү малдардын 9,8 %га, трикотаж кийимдердин 7,8 %га төмөндөшү менен шартталды.
2024-жылдын январь-декабрында товарлардын импортунун көлөмү 12,2 млрд АКШ долларын түздү жана өткөн жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 2,4 %га азайды. Импорттук келип түшүүлөрдүн көлөмүнүн төмөндөшү негизинен трикотаж кездемелеринин 4,6 эсеге, жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарынын жана алардын тетиктеринин 28,7 %га, дан өсүмдүктөрүнүн 24,3 %га, трикотаж кийимдеринин 22,5 %га төмөндөшү менен негизделди. Муну менен катар, электроэнергиянын 2,1 эсеге, жаратылыш жана суюлтулган газдын 44,7 %га, кара металлдардын 43,7 %га, мунайзат продуктуларынын 35,2 %га, кара металлдардан жасалган буюмдардын 23,0 %га, жабдуулардын жана механикалык түзүлүштөрдүн 19,1 %га өсүшү байкалды.
