Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунда асыл тукум чарба уюштурулду
6 ноябрь

Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунда асыл тукум чарба уюштурулду

Ысык-Көл областынын Ак-Суу районуна караштуу Курбу айылында мал чарбасын өнүктүрүү жаңы деңгээлге чыкты. Бул айылда, «сандан сапатка өтүү» максатында жергиликтүү уйлар сатылып, алардын ордуна сүт багытындагы Швиц породасындагы асыл тукум уйлар алынып келинген.

Азиз Айтбосунов жетектеген чарба бүгүнкү күндө асыл тукум мал багуу жана сүт өндүрүү тармагында иш алып барууда. Асыл тукум Швиц породалары атайын уруктандыруу жолу менен көбөйтүлүп, тукум сапаты жогору мал алынууда.

Бул иш-аракеттин негизги максаты – айыл аймагында сүт өндүрүшүн көбөйтүү, сапаттуу жана түшүмдүү уйлардын санын арттыруу, ошондой эле жергиликтүү дыйкандарга асыл тукум багытында үлгү болуу болуп саналат.

Учурда чарбада асыл тукум малдын саны акырындык менен көбөйүүдө. Ал эми өндүрүлгөн сүт жана сүт азыктары жергиликтүү тургундар арасында чоң суроо-талапка ээ.

Айтбосунов Азиз белгилегендей, бул иш-аракеттер аркылуу аймактын экономикалык абалын жакшыртып, айылдагы жаштарга жумуш орундарын түзүү да максат кылынууда.