Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Палатанын Япониядагы өкүлүнүн күбөлүгүн тапшырды
23 апрель

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Палатанын Япониядагы өкүлүнүн күбөлүгүн тапшырды

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Палатанын Япониядагы өкүлүнүн күбөлүгүн тапшырды. Бул кызматка Аслан Атабиев дайындалды — экономика илимдеринин доктору, Россиянын Жаратылыш таануу академиясынын (РАЕН) академиги. Ал экономика, эл аралык кызматташтык жана банк секторунда көп жылдык тажрыйбага ээ.

Палатанын Япониядагы расмий өкүлүн дайындоо эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

Учурда Аслан Атабиев Кыргызстандын жана Япониянын кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган бир катар демилгелерди активдүү түрдө илгерилетүүдө.