Салык кызматы маркасы жок күйүүчү-майлоочу майларды аныкташты
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө молекулярдык маркерлер менен маркаланбаган күйүүчү-майлоочу майларды ташуу жана сатуу фактыларын аныкташты.
Тактап айтканда, Чүй облусунун Сокулук районунда күйүүчү май маркалоосу жок жалпы көлөмү 60 миң 508 литр бензин ташып бара жаткан автотранспорт каражаты аныкталды. Алдын ала эсептөөлөр боюнча мыйзамсыз жүктүн жалпы базар баасы 3,6 млн сомдон ашат.
Мындан тышкары, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы май куюучу жайда милдеттүү маркасы жок күйүүчү майды сатуу фактысы аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгында АИ-92 үлгүсүндөгү бензин молекулярдык маркери жок сатылып жатканы белгилүү болду. Аныкталган күйүүчү майдын жалпы көлөмү 3,5 тоннаны түзөт.
Мыйзам бузуулар күйүүчү-майлоочу майлардын курамында молекулярдык маркерлердин жок экенин көрсөткөн атайын анализатордун жардамы менен аныкталды. Мыйзам бузуу фактысы ошондой эле «Учкун» ААКсында жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен тастыкталды.
Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү актылар түзүлүп, чогултулган материалдар укуктук баа берүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.
Эске салсак, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында бензин менен дизелдик отунду молекулярдык маркерлер аркылуу милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген. Бул талап импорттолгон күйүүчү-майлоочу майларга да, өлкөдө өндүрүлгөн продукцияга да тиешелүү. Молекулярдык маркери жок күйүүчү майды өлкөгө алып кирүүгө, ташууга, сактоого жана сатууга тыюу салынат.
