Кыргызстан менен АКШ соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты
17 апрель

Кыргызстан менен АКШ соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын тобунун Жазгы жыйындарынын алкагында Вашингтон шаарында АКШнын Соода өкүлүнүн Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Брендан Линч менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты. 

Бакыт Сыдыков америкалык тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы бул сапарды өлкөлөр ортосундагы экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк катары карай турганын белгиледи.

Ошондой эле 2025-жылдын февраль айында Бишкек шаарында өткөн B5+1 бизнес-форумунун ийгиликтүү өткөрүлүшү белгиленип, ал ишкерлер ортосундагы байланыштарды чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачканы айтылды.

Министр америкалык тарапка акыркы жылдары экономиканын бардык негизги тармактарындагы динамикалуу өсүш тууралуу кыскача маалымат берип, ошондой эле 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында коюлган амбициялуу максаттарга токтолду. Атап айтканда, төмөнкү артыкчылыктуу багыттар белгиленди: индустриялаштыруу жана ички өндүрүштү кеңейтүү; аймактык соода жана логистика хабын түзүү; айыл чарбасын жана туризмди өнүктүрүү; жашыл энергетикага өтүү. Бул багыттар эл аралык өнөктөштүк үчүн ачык экени баса белгиленди.

Бакыт Сыдыков бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы прагматикалык жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечегин да талкуулашты.

Маалымат үчүн:

2021–2025-жылдар аралыгында өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар жүгүртүү 2,2 эседен ашык көбөйдү. Муну менен катар Кыргызстандын продукциясынын Америка рыногуна экспорту 2,4 эсеге өстү, ал эми 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы товар жүгүртүү көлөмү 228 млн АКШ долларын түздү.

B5+1 платформасы C5+1 дипломатиялык форматынын бизнес багытындагы уландысы болуп саналат жана Борбор Азиянын беш өлкөсүн жана Америка Кошмо Штаттарын бириктирет. Платформа аймактык экономикалык кызматташтыкты чыңдоого жана мамлекеттик жана жеке секторлордун ортосундагы диалогду өнүктүрүүгө багытталган.