«Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды
Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Маалымат менен суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиев тааныштырып: «Мыйзам долбоору өлкөдөгү мал чарбачылыгын андан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жана мыйзамдардагы кемчиликтерди жоюу үчүн Кыргыз Республикасында асыл тукум ишин регламенттештирүүчү жана жөнгө салуучу мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгууга багытталган», - деп билдирди.
Талкуу маалында депутат Нилуфар Алимжанова аталган мыйзам долбоорун колдой турганын айтып, асыл тукум мал чарбасын көбөйтүү өлкөдөгү эттин баасына да оң таасирин тийгизерин белгиледи. Депутат Махабат Мавлянова өлкө аймагындагы асыл тукум малдын санына жана тармактын учурдагы абалына кызыкты. Депутат Алишер Козуев мыйзам долбоорун даярдоодо фермерлердин сунуштары эске алынышы керектигин белгилеп, жайыттардын дегредациясы тууралуу кеп кылды. Депутат Улукбек Карыбек уулу асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жаатындагы жеңилдетилген насыяларды орто жана чакан ишкерлер үчүн да жеткиликтүү кылууну сунуштады. Ал эми депутат Табылды Муратбеков кадрларды даярдоо жана материалдык-техникалык базаны жакшыртуу маселелерине көңүл бурду.
