Уй эти дээрлик 800 сомго чыкты: Кыргызстанда эттин баасы кайрадан өстү
7 июль

Уй эти дээрлик 800 сомго чыкты: Кыргызстанда эттин баасы кайрадан өстү

2026-жылдын июль айында Кыргызстанда эттин негизги түрлөрүнүн орточо керектөө баасы өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин республиканын калктуу конуштарындагы айрым азык-түлүк товарларынын орточо баалары боюнча маалыматы күбөлөндүрөт.

Өлкө боюнча уй этинин орточо баасы июнь айындагы 783,55 сомдон июль айында 795,45 сомго чейин жогорулады. Өсүш 11,9 сомду, же болжол менен 1,5%ды түздү.

Кой эти кыйла көбүрөөк кымбаттап, орточо баасы 815,1 сомдон 839,31 сомго чейин жетти. Бир ай ичинде баа 24,21 сомго, же дээрлик 3%га өстү.

Жылкы этинин орточо баасы республика боюнча анча чоң эмес өсүштү көрсөтүп, 757,29 сомдон 760,56 сомго чейин жогорулады.

Июль айында уй этинин эң жогорку баасы Нарын шаарында катталып, бир килограммы 850 сомду түздү. Бишкекте уй этинин орточо баасы 813,69 сом, Манас айылында – 809,55 сом, Балыкчы шаарында – 806,09 сом болду.

Ал эми уй эти эң арзан Манас районунун Семетей айылында сатылып, бир килограммы 684,95 сомду түздү. Ошондой эле Раззаков жана Ноокат шаарларында уй этинин баасы 700 сомдон болду.

Кой этинин эң жогорку баасы да Нарын шаарында катталып, бир килограммы 880 сомду түздү. Бишкекте орточо баа 872,88 сом, Токмокто – 870 сом, Токтогулда – 850 сом болду.

Эң төмөнкү баа Семетей айылында катталып, бир килограммы 684,95 сомду түздү. Таласта кой эти 720 сомдон, Ноокатта – 750 сомдон сатылды.

Жылкы эти боюнча эң жогорку баалар Бишкекте катталып, бир килограммы 781,97 сомду, Токмокто – 760 сомду түздү. Таласта жылкы эти 730 сомдон, Кара-Сууда жана Өзгөндө – 700 сомдон, ал эми Манас айылында 650 сомдон сатылды.