15-апрелден 15-сентябрга чейин жакынкы жайыт жерлеринде мал жаюуга чектөө киргизилет
31 март

15-апрелден 15-сентябрга чейин жакынкы жайыт жерлеринде мал жаюуга чектөө киргизилет

Бүгүнкү күндө райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын маалыматына ылайык 139 069 га жакынкы жайыт жерлери деградацияга учурап, жакшыртылууга тийиш. Ага жакынкы жайыттар пландык негизде пайдаланылбай, жергиликтүү бийликтин контролунун жетишээрдик денгээлде болбогондугунан жана жайыт пайдалануучулар кайдыгерлик мамиле жасагандыктан жерлердин деградацияга учуроосуна себеп болууда.  

Жайыт жерлеринин деградациясын азайтуу, жакынкы жайыттарды жакшыртуу жана алардын азыктуулугун  жогорулатуу максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 23-июлунда №04-13/152 буйругу чыгып, жыл сайын 15-апрелден 15-сентябрга чейинки мезгилде жазгы жайыт жерлеринде мал жаюуга чектөө киргизүү сунушталган. Чектөөнү бузгандарга укук бузуулар кодексине ылайык атайын айыпка тартуу чаралары каралган. 

Буйруктун негизги максаты:

  • жайыттарды жакшыртуу менен деградация болгон жайыт аянттарын азайтуу;
  • жаратылыш экосистемасын сактоо;
  • мал чарба продукцияларынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу;
  • мамлекеттин менчиги болгон жайыттарга аяр мамиле кылуу.

Акыркы учурларда жайыт пайдалануучулар тарабынан жакынкы жайыттар жыл сайын үзгүлтүксүз пайдаланып, жол жээктеги жана коммуникация бар жайыт аянттары пайдаланып, алыскы жайыттар толук пайдаланылбай жакынкы жайыттарга күч келүүдө. Ошол себебтен 15 апрелден 15-сентябрга чейин жакынкы жайыттарды пайдаланууга чектөө киргизип, алыскы жайыттарды пайдалуунуу сунушталды. Жергиликтүү бийлик (айыл башчылары, айыл өкмөттөрү, район акимдери) жайыттарды башкаруу планын бекитүүдө бул буйрукту эске алуусу менен иш алып баруусу тийиш.