Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапары: бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду
Өзбекстан Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 30-июлда, кыргыз-өзбек кызматташтыгын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда мындан ары кеңейтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу аземи болду.
Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюшту.
Мындан тышкары төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын тилкеси жөнүндө келишим;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чечме (Чашма) булагын биргелешип пайдалануу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2004-жылдын 24-июлундагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2006-жылдын 3-октябрындагы жарандардын өз ара барып-келүүсү жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарба объекттери боюнча 2024-жылдын 18-июлундагы макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Маданият министрлигинин ортосундагы 2026-2027-жылдарга маданият жаатындагы кызматташуу боюнча иш-чаралар планы;
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы 2026-2028-жылдарга агроөнөр жай комплексиндеги эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү боюнча практикалык иш-чаралар планы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик менен Өзбекстан Республикасынын Туризм боюнча комитетинин ортосундагы туризм тармагындагы кызматташуу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планы;
- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин ортосундагы жогорку билим берүү чөйрөсүндө кредиттерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы 2026-2028-жылдарга эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы.
