Депутаттар Суу ресурстары министрлигин сынга алды
Бүгүн, 31-мартта Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин долбоору жана «Кыргыз Республикасынын Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.
Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоорун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиев тааныштырды.
Талкуу учурунда депутат Акбөкөн Таштанбеков өлкөдөгү майда көлмөлөрдү каттоого алып, мыйзамдуу түрдө ижарага берүү менен балык чарбасын өнүктүрүүгө шарт түзүүнү сунуштады. «Азыр миңдеген балык чарбалары мыйзамсыз иштеп жатат. Аларга көлмөлөр айыл өкмөттөрү тарабынан ижарага берилген. Бирок мамлекеттин балансында бир дагы көлмө жок. Аларды каттоого алышыбыз керек. Мыйзамга кыймылсыз мүлк катары киргизсек болот. Ошондо балык чарбаларынын ишмердүүлүгү да мыйзамдуу болмок», – деп белгиледи депутат.
Ал эми депутат Марат Мураталиев дыйкандар сугат сууга болгон тарифтин көтөрүлүп кеткенин айтып, нааразы болуп жатышканын билдирди.
«Бир гектарга бир сугат үчүн 500 сом деп жазыптырсыңар. Таласта төө буурчакты бир эмес, беш жолу сугарышат. Бир үй-бүлө 5-6 гектардан эгет. Алар сугатын бир күндө бүтпөй калса, эртеңки күнгө дагы төлөйбү? Дыйкандар кайдан киреше табат анда?» – деди эл өкүлү.
Ошондой эле комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев менен депутат Балбак Түлөбаев дагы азыркыга чейин сугат суу үчүн бирдиктүү тариф коюлбаганын белгилеп, бул жаатта жигердүү иш жүргүзүлбөгөнү үчүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигин сынга алышты.
