Ош облусунун Кара-Суу районунда күздүк пияз жана чеснок эгилди
9 сентябрь

Ош облусунун Кара-Суу районунда күздүк пияз жана чеснок эгилди

Кара-Суу районундагы "Г. Таиров" үрөнчүлүк чарбасында сыноо катары күздүк пияздын үрөнү эгилди. Ал кийинки жылдын май айында түшүмүн бере баштайт.

Бул демилге жергиликтүү үрөн фондун көбөйтүп, фермерлерди сапаттуу үрөн менен камсыздоого багытталган.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо дпеартаментинин адситеринин айтымында, пияз жана чеснок Кыргызстанда суроо-талап жогору айыл чарба продукцияларынын катарына кирет.

Жаңыдан эгилген аянттарда агротехникалык талаптар сакталууда, түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Ошондой эле, Министрлик дыйкандарды күздүк буудай себүүгө чакырат.

Анткени күздүк буудайдын артыкчылыктары жазгыга салыштырмалуу көбүрөөк:

Жаздык буудайга салыштырмалуу 20% көп түшүм берет.
Эрте бышат, талааны эрте бошотууга мүмкүндүк түзөт.
Кургакчылыкка туруктуу, себеби күзүндө топуракта ным жетиштүү болот.
Отоо чөптөр азыраак чыгып, өсүмдүккө азыктар жакшы сиңет.
Жазгы жумушту жеңилдетет, фермерлерге убакыт үнөмдөйт.