Ош жана Улуу Британия аймактык экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады
Ош мэриясы
30 июль

Ош жана Улуу Британия аймактык экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Бүгүн, 30-июлда Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы Элчилигинин аймактык экономикалык өнүгүү маселелери боюнча кеңешчиси Чарли Моррис менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ош шаарынын экономикасын жана инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, чакан жана орто бизнести колдоо, ошондой эле аялдар менен жаштардын ишкердик демилгелерин өнүктүрүү багытындагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар Ош шаары менен эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана келечектүү диалогторду улантуу боюнча макулдашышты.