Кыргызстанда керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 1,9 пайызды түздү
Ушул жылдын январь–февраль айларында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республика боюнча керектөө бааларынын жалпы өсүшү 1,9 пайызды түздү.
Улуттук статистика комитетинен кабарлашкандай, мында алкоголдук ичимдиктер менен тамеки буюмдарынын баасы 2,2 пайызга, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 2,1 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар 0,4 пайызга, ал эми калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 3,6 пайызга жогорулады.
Ушул жылдын январь–февраль айларында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү республиканын бардык аймактарында байкалды. Мында баалардын эң жогорку өсүшү Ысык-Көл облусунда катталып, 4,2 пайызды түздү. Бул алкоголдук ичимдиктер менен тамеки буюмдарынын баасынын 5,8 пайызга, ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтеринин 12,1 пайызга жогорулашы менен байланыштуу. Ал эми тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар боюнча эң чоң өсүш 3,5 пайыз, азык-түлүк эмес товарлар боюнча 3,3 пайыз болуп, Ош облусунда катталган.
