Кичи ГЭСтин долбоорун бирге каржылоо тууралуу Меморандум кол коюлду
2025-жылдын 17-декабрында Азербайжан–Кыргыз өнүктүрүү фонду, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК жана «Улуттук инвестициялык фонд» ААК ортосунда ниеттер тууралуу меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. Иш кагаз кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагында чакан гидроэлектр бекетин куруу долбоорун каржылоого биргелешип катышууга багытталган.
Кол коюлган Меморандумдун алкагында тараптар Чүй облусунда чакан ГЭС куруу долбоорун каржылоо мүмкүнчүлүгүн кароону камдашууда. Долбоорду ишке ашыруу өлкөдө электр энергиясына болгон өсүп жаткан суроо-талапты канааттандырууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле мамлекеттик казынага салыктык жана салыктык эмес түшүүлөрдү көбөйтүүгө багытталган.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн түпкү максаттык мааниге ээ инвестициялык долбоорлорду каржылоонун куралдарын өнүктүрүү жана институционалдык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелерин талкуулашты. Сыртсалымды тартуу боюнча аракеттерди башкарууга, долбоордук жана узак мөөнөттүү каржылоону өнүктүрүүгө, ошондой эле экономика жаатында биргелешкен демилгелерди колдоого өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жараянында маалымат жана адистик корутундуну алмашуу боюнча кызматташууга, ошондой эле өнөр жай, инфратүзүм, энергетика, агроөнөр жай топтому жана чакан жана орто бизнес сыяктуу экономиканын негизги тармактарын артыкчылыктуу колдоого макулдашышты.
Меморандумга кол коюу биргелешкен долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууга, инвестициялык жигердүүлүктү жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү экономикалык өсүшүн камсыздоого багытталган туруктуу каржылык куралдарды түзүүгө бекем негиз түзөт.
