Кыргызстандын банктары жашыл банкинг боюнча тренингден өтүштү
КР Экономика министрлиги
13 март

Кыргызстандын банктары жашыл банкинг боюнча тренингден өтүштү

Бишкекте Кыргыз Республикасынын банктары «Борбордук Азияда климаттык каржылоого тоскоолдуктарды жоюу» долбоорунун алкагында жашыл банкинг жана экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди башкаруу (Environmental and Social Risk Management — ESRM) боюнча тренингдин экинчи айлампасынан өтүштү. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.

Программа коммерциялык банктар жана финансылык уюмдар үчүн атайын ылайыкташтырылып, алардын жашыл жана туруктуу өнүгүү боюнча улуттук максаттарга жетүүгө кошкон салымын күчөтүүгө багытталган.

Жашыл өсүш боюнча глобалдык институт (GGGI) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен өнөктөштүктө Кыргызстанда бир катар тренингдерди өткөрдү. Бул тренингдер финансылык мекемелердин ишмердүүлүгүнө экологиялык жоопкерчиликти интеграциялоону колдоого багытталган.

Тренинг төмөнкү сессияларды камтыды:

• кредиттик циклде экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди башкаруу (ESRM);
• ESRM алкагында тобокелдиктерди скрининг жүргүзүү жана категорияларга бөлүү;
• комплексдүү текшерүү (due diligence) жана тобокелдиктерди азайтуу чаралары;
• ESRM мониторинги, эрте эскертүү системасы жана портфелдик талдоо;
• ESRM маалыматтары, башкаруучулук маалыматтык системалар (MIS) жана ички отчеттуулук.

Тренинг аяктагандан кийин климаттык каржылоого тоскоолдуктарды баалоонун жыйынтыктары жана кийинки иш-аракеттердин планы сунушталды.

Суроо-жооп сессияларынын жүрүшүндө катышуучулар ESRM процедуралары жана ага байланышкан башка маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү алышып, тренингден өткөндүгү тууралуу сертификаттарга ээ болушту.

Бул долбоордун алкагында жашыл банкинг боюнча өткөрүлгөн тренингдердин экинчи айлампасы болуп саналат. Биринчи тренинг 2025-жылдын декабрь айында өткөн.

Кыргыз Республикасы экологиялык жактан туруктуураак экономикалык моделге өтүү саясатын ырааттуу жүргүзүп келет. Бул багыт Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү программасында (2029-жылга чейин) чагылдырылган.

Жашыл банкинг — бул финансылык кызматтарга экологиялык жана социалдык факторлорду интеграциялоону камтыган маанилүү инструмент болуп саналат. Ал жашыл финансылык продуктыларды иштеп чыгууну (мисалы, кайра жаралуучу энергия жана климатка туруктуу айыл чарба үчүн кредиттер), жашыл облигацияларды чыгарууну, жоопкерчиликтүү инвестициялоо принциптерин киргизүүнү жана банктардын ишинде экологиялык практикаларды колдонууну камтыйт.

Мындан тышкары, экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди башкаруу системасы (ESRM) банктар тарабынан каржыланган долбоорлор жана ишканалар менен байланышкан тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу үчүн колдонулушу мүмкүн.