Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады
22 декабрь

Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрдин куттуктоосу төмөндөгүдөй:

«Урматтуу энергетиктер жана ардактуу тармактын ардагерлери!

Сиздерди бүгүнкү Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүсүз камсыз кылуу, кубаттуулукту көбөйтүү жана энергиянын кошумча булактарынын потенциалын колдонуу боюнча жумуштар жигердүү башталды жана алардын арасында ийгиликтүү аяктагандары да бар.

Алардын катарынды Токтогул ГЭСнин 4 гидроагрегаты толугу менен реконструкцияланып бүттү. Бул кыргыз энергетикасы үчүн тарыхий окуя десек болот. Ошондой эле Үч-Коргон ГЭСнин эки гидроагрегатына модернизация иштери жүргүзүлүп бүттү. Калган экөөнү 2026-жылы жаңылайбыз.

Мындан тышкары 2025-жылы 7 ЧГЭС (43,59 МВТ) ишке кирди. Азыркы учурда өлкө боюнча кубаттуулугу 1,95 МВтты түзгөн күн электр станциясы иштеп жатат. Ушул жылдын дагы бир жагымдуу жаңылыгы – кубаттуулугу жалпы 3150 МВтты түзгөн 5 күн электр станциясын жана 1 шамал электр станциясын куруу боюнча компаниялар менен инвестициялык макулдашууларга кол коюлду. Мындан тышкары, 2025-жылдын 24-декабрында 100 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын пайдаланууга берүү пландаштырылууда.

Аны менен электр энергиясына болгон жоготууларды азайтуу үчүн канчалаган акылдуу эсептегичтер орнотулуп, жабдуулар жаңыланды. Эң негизгиси быйыл эле, 2025-жылы тармакка 104 даана атайын техника сатып алынды. Бул биз үчүн чоң жетишкендик деп айта алам. Муну менен эле токтоп калбастан энергетика тармагын өнүктүруүүгө багытталаган бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда.

Урматтуу кесиптештер энергетика тармагындагы иштердин илгерилешине сиздердин салмыңыздар чоң. Бул баа жеткис эмгегиңиздер үчүн мен ыраазычылык билдирем.

Энергетика тармагы өлкө экономикасынын өзөгүн түзөт. Ошондуктан бул стратегиялык тармактын өнүгүшүнө өлкө жетекчилиги өзгөчө көңүл бурууда. Алдыда көптөгөн стратегиялык пландар бар. Ал ийгиликтерди сиздер менен биргеликте багындырабыз деген үмүттөмүн.

Албетте, ар бир кесиптин өзүнүн кыйынчылыгы бар, бирок энергетиктердин элине кылган эмгеги зор».